Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган эл аралык марафон өтөт

Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган "TOYBOSS SNOW LEOPARD RUN" эл аралык марафону өтөт. Бул тууралуу марафондун уюштуруп жаткан "NOMAD SPORT" компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган марафон 26-сентябрь күнү "Ала-Тоо" аянтында орун алат. Катышуучулар Бишкектин борбордук көчөлөрү менен белгиленген аралыктарга чуркашат.

Аралыктар:

21 чакырым;

14 чакырым;

5 чакырым;

1 чакырым.

Ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн “Kid’s Run” аталышындагы 100, 200 жана 500 метрге чуркоо орун алат.

Марафондон түшкөн каражаттын белгилүү бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк программа үчүн жумшалат.

Марафонго катталуу 15-сентябрга чейин уланат. Катталуу жолдору жана марафон тууралуу башка маалыматтар толугу менен www.nomadsport.net сайтында камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан