Окумуштуулар тарыхтагы эң мыкты футболчуну математикалык түрдө эсептеп чыгышты

Оксфорд университетинин математика илимдеринин доктору Том Кроуфорд тарыхтагы эң мыкты футболчуну эсептөө формуласы менен эсептеп чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окумуштуу футболчулардын улуттук жана эл аралык сыйлыктарын, клубдар жана улуттук курама команда үчүн киргизген голдорун, дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу номинациясындагы добуштардын жалпы санынын пайызын жана рекорддорду эске алуу менен жок дегенде эки жолу "Алтын топ" сыйлыгын алган футболчуларды эсептеген.

Жыйынтыгында дүйнө тарыхындагы эң мыкты футболчу болуп "Манчестер Юнайтед" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду аталган. Ал 537 упайга ээ болгон. Экинчи орунду 503 упай топтогон "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси ээлесе, Пеле 459 упай менен үчүнчү орунга жайгашкан.

Криштиану Роналду "Алтын топтун" беш жолку ээси жана Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле Роналду улуттук курама үчүн киргизген голдордун саны боюнча дүйнөлүк рекорддун ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alinsan
2021-09-09 11:03:25
формуласы жок деле корунуп турбайбы
+5
Kamchy-bek
2021-09-09 12:14:50
Ой боорум ой, ушуга кеткен кайран убакыт,
+2
Mister-XXX
2021-09-09 15:00:50
Пеле азыркы заманда жашаганда,балким биринчи орунду алмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан