Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Орусиядагы эл аралык турнирге катышат. Кимдер? (тизме)

Грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн улуттук курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-12-сентябрь күндөрү Орусиянын Новосибирск шаарында 25-ирет өтүп жаткан "Александр Нестеренканын айкели" аталышындагы мелдеш орун алат. Аталган турнирде 6 өлкөдөн (Казакстан, Беларусь өлкөсү, Орусия, Сербия, Эстония жана Кыргыз өлкөсү) жалпы 150 балбан күч сынашат.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн намысын 19 балбан коргойт. Алар:

1. Балбай Дордоков (55 кг)

2. Сардарбек Конушбаев (55 кг)

3. Куттубек Абдыкерим уулу (60 кг)

4. Калы Сулайманов (63 кг)

5. Урматбек Аматов (63 кг)

6. Амантур Исмаилов (67 кг)

7. Марлен Асикеев (67 кг)

8. Халмурат Ибрагимов (67 кг)

9. Руслан Царёв (72 кг)

10. Бекжан Коңурбаев (72 кг)

11. Кайратбек Түгөлбаев (77 кг)

12. Акылбек Талантбеков (77 кг)

13. Калидин Асыкеев (82 кг)

14. Бексултан Назарбаев (82 кг)

15. Азат Салидинов (87 кг)

16. Мелис Айтбеков (87 кг)

17. Бексултан Махмудов (97 кг)

18. Данияр Шеримбеков (97 кг)

19. Роман Ким (130 кг)

Улуттук курама команда башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана ага машыктыруучулар Шухрат Үшүров, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиевдин жетекчилиги астында барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEDER_KULETOV
2021-09-09 11:45:47
Ийгилик жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан