Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстанда өтүп жаткан мелдеште чейрек финалга чыкты
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 4-10-ноябрь аралыгында Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан баш байгеси 25 миң доллар болгон мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө чейрек финалына өттү. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты жарыялады. 1/8 финалда Ксения Палкина украиналык Вероника Капшай менен бирге казакстандык Анна Данилина менен орусиялык Юлия Самисевага каршы беттешип, 6:3 жана 6:4 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Ошондой эле алардын чейрек финалда орусиялык жуп Евгения Пашкова менен Александра Артамановага каршы беттешери белгилүү болду. Мындан сырткары, Ксения Палкина бүгүн, 5-ноябрда мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө орусиялык Маргарита Гаспарян аттуу спортчуга каршы беттешет.