"Рулга ээ боло албай калган". Таласта жол кырсыгынан эки адам көз жумду

Бүгүн, 9-сентябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ауди 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол четинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам ошол жерден каза болуп, экинчиси ооруканага жетпей көз жумган. Кырсык катталган жерге ӨКМдан 5 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон адамдарды "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-09-09 13:40:27
Өзү айдаганың чачылып кетейин деген бир мусор ауди, ошону да өпкөң көөп кеткенче, ой буларда өпкө жокко)). Ошого басыптырсыңда анда!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан