Грек-рим күрөшү жана дзюдо боюнча балбандар Сербиядагы эл аралык турнирге катышуу үчүн жөнөп кетишти

9-сентябрда "ISF U15 World School Sports Games" аталышындагы эл аралык турнирде өлкө намысын коргой турган спортчуларды узатуу иш-чарасы болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага спорт боюнча малекеттик агенттиктин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков, "Мектеп лигасы" федерациясынын вице-президенти Самат Токтоналиев жана Аймактарда дене тарбияны өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы Чолпонбек Самудинов катышты.

Алар өлкө намысын эл аралык аренада коргоо үчүн кетип жаткан спортчуларга ийгиликтерди жана жеңиштерди каалап, мектеп жашындагы улан-кыздардын спортуна мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн баса белгилешти.

Белгилей кетсек, "ISF U15 World School Sports Games" эл аралык турнири 11-19-сентябрь аралыгында Сербиянын борбору Белград шаарында өтөт. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан грек-рим күрөшү жана дзюдо боюнча балбандар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан