Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 65 жаштагы Кыргыз жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 28-апрелинде Ош шаарында кармалган адам жергиликтүү тургунду алдап, 2,5 миң доллар берүүгө мажбурлаган. Ал 2018-жылдын 11-июнунда дайынсыз жоголуп, 2018-жылдын 20-июнунда мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Кармалган жаран полиция бөлүмүнө жеткирилди. Ыкчам кызматкерлер анын кармалышы тууралуу Кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдарына да кабарлаган.