"Ювентус" клубу Криштиану Роналду кеткенден кийин турнирдик жадыбалда дээрлик акыркы орунга түшүп калды

Италиянын "Ювентус" футболдук клубу футбол боюнча Италия чемпиондугунун 3-турдук оюнунда "Наполи" командасына утулуп, турнирдик жадыбалда дээрлик акыркы орунга түшүп калды.

Маалыматка ылайык, оюн 2:1 эсебинде "Наполи" клубунун жеңиши менен аяктады. "Наполи" клубу жаңы сезондун башталышында катары менен үчүнчү жеңишине ээ болуп, турнирдик жадыбалда лидерликти алды. Бир упайы бар "Ювентус" турнирдик таблицада 16-сапта.

Эске салсак, Криштиану Роналду ушул сезондун башында "Ювентус" клубунан бир да оюн өткөрбөстөн кеткен. Португалиялык футболчу "Манчестер Юнайтед" үчүн биринчи оюнунда дубль жасап, командасы менен чогуу Премьер-Лигада лидер болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан