Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт

13-16-ноябрь аралыгында Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу КРнын бокс федерациясы билдирет. Мелдешке бардык облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан боксчулар катышат. Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, мелдешке курама команданын мүчөлөрү Азат Үсөналиев (52 килограмм салмакта), Өмүрбек Малабеков (56 кг) жана Эрмек Сакенов (64 кг) катышпайт. “Бул спортчулар өз деңгээлдерин Эл аралык мелдештерде көрсөттү. Аларга эс алууга мүмкүнчүлүк берилди”, -дейт Адылхан Бекболотов. Эске салсак, 14-27-октябрь аралыгында Алматыда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Азат Үсөналиев менен Өмүрбек Малабеков 1/8 финалда, Эрмек Сакенов чейрек финалда казак мушкерлерине жеңилип, мелдештен четтеген болчу.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан