1-ноябрь күнү Эл аралык бокс федерациясынын жаңыланган рейтингинде кыргызстандык боксчу Эрмек Сакенов (64 килограмм салмакта) 7-орунга көтөрүлдү. Мындан бир ай мурун Алматы шаарындагы Дүйнө чемпиондугу башталар алдында чыккан рейтингде Эрмек 16-орунда болчу. Эрмек Сакенов Алматыда өткөн Дүйнө чемпиондугунда медалдан бир кадам алыс токтоп, чейрек финалда утулган болчу. Бул мелдешке катышкан кыргызстандык боксчулардын ичинен эң жогорку көрсөткүч болду. Рейтингге кирген кыргызстандык боксчулар төмөндө:
52 килограмм салмакта
1-орун: Эндрью Селби (Уэльс)
2-орун: Миша Алоян (Орусия)
3-орун: Патрик Барнес (Ирландия)
7-орун: Азат Үсөналиев (Кыргызстан)
56 килограмм салмакта
1-орун: Робейси Рамирес (Куба)
2-орун: Жон Конлан (Ирландия)
3-орун: Шива Тапа (Индия)
13-орун: Өмүрбек Малабеков (Кыргызстан)
64 килограмм салмакта
1-орун: Эрдене Уранчимег (Монголия)
-орун: Мерей Акшалов (Казакстан)
3-орун: Дос Сантос Лопес (Бразилия)
7-орун: Эрмек Сакенов (Кыргызстан)
91 килограмм салмакта
1-орун: Клементо Руссо (Италия)
2-орун: Теймур Мамадов (Азербайжан)
3-орун: Пералта Яра (Аргентина)
21-орун: Сергей Паренко (Кыргызстан)