Гүлшайыр Садыбакасова: "Уулуңузду үйлөнтүп койсоңуз болмок, туяк калса болмок" дешет... Билсем үйлөндүрүп коймокмун"

Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулунан ажырагандан бери биринчи жолу маек берди. Ал SUPER.KG порталына уулу Эркинди эскерип, кайгы менен кантип алышып келгенин, учурдагы иштери туурасында дидарлашты.

Алланын сыноосунан мен да куру калган жокмун

- Алла Таалам адамдын башына түркүн сыноолорду берет турбайбы. Ал сыноодон мен да куру калган жокмун. Пандемия шартында көчөгө чыга албай калдык. Илдет курчуп, туу чокусуна жеткенде, июль айынын аягында сыноого туш келип, жалгыз уулумдан ажырап калдым... Зар какшап, кан жутуп, башка бир дүйнөгө кирип кеткендей болдум. Алаамат болуп кетти. Баламдын жылдыгынан кийин элге аралаша баштаганым ушул болду. Телеберүүлөргө, маалымат каражаттарына маек берүүгө чакырып жатышты, уулумдун азасын башымдан толук бир жыл кечирдим. Мен мындай сыноону жыланга да каалабайм. Кандай гана күчтүү адам болбо сынат экенсиң. Кудайга шүгүр, Кудай бар экен, намаз окуп акырындан өзүмө келип баштадым. Өнөр адамдарына, санаалаштарга, кесиптештерге рахмат. Менден тынымсыз кабар алып, мени чыйралтып турушту. Бир туугандарым жанымда болуп, ар бири күзөттө турушту. Мага билгизишкен жок, бирок мен билип турам да. Сайкалга (ред.: Садыбакасова) да кыйын болду. Мен биринчи кабатта, ал экинчи кабатта болуп, кандай өмүр кечиргенибизди өзүбүз эле билдик. Аллах берүүчү, Аллах алуучу экен, өзү берди, өзү алып кетти. Ага догурунганыбыз болбойт. Ошентип турмушка кайра аралаша баштадым. Азыр уулум бейиште болсо экен деп күндө дуба кылган кезим.

Балам балдарга окшобогон бала эле...

- Балам башкача эле, башкаларга окшош эмес болчу. Үйдөн чыкпаган, компьютерден көзүн албаган. Бир нече жыл алдыда жашачу, алдын ала айтып койсо кайдан билесиң деп калчумун. Кичинесинен эле окуйбу, окубайбы энциклопедияларды сатып берчүмүн. Көрсө анын баарын милдет экен деп окуп чыгыптыр. Анан суроо берсең жообу даяр болчу. Билимге, үйгө, ата-энеге жакын, элпек, боорукер, жароокер, тез тил табышып кеткен мүнөзү бар эле. Ырчы болом десе үйдө ырчылар көбөйүп кетти, сен эми эркектерге мүнөздүү болгон эле кесипти тандачы десем, тил жагын тандаган. Мектепти аяктагандан кийин чет өлкөдө окуйм деп калды. Коё бергим келбей жергиликтүү эле окуу жайды танда дедим. Жарым жыл окугандан кийин пандемия башталды, үйдө отура берип зээригип кеттим деп ишке кириптир. Мен шаарга келгенде арыктап кетиптир, "эмне болду?" десем ооруп айыккан экен. Ошко алып кетейин десем "жумушка жаңы кирдим, бир аз иштеп турайын" деп болбой койгон. Кеткенден кийин күндө сүйлөшүп турчубуз, каза болгон күнү сүйлөшкөн эмеспиз, билбейм эмнеге сүйлөшкөн жокпуз, мен бошобой калгамбы...


Азыр көп нерсеге өкүнөм

- Ырдагысы келчү экен, таарынтып албайын деп мага айтпай жүрүптүр. Бирок "Кыз-Бурактын" кыздарына баары бир ырдап чыгам дептир. Уулумдун ырдаганын Лутфилла Бусурманкул уулу байкап калып, Жаңы жылдык концертке тартам деп калды. Мен "ырчы болуп кетет тартпа" десем болбой тартып койгон. Ошол ырлары мага эстеликке калды. Азыр көп нерсеге өкүнөм. Чет өлкөгө барам десе, эмнеге жиберген жокмун, ырдатып койсом болмок экен дейм. Экинчи кабатта ырдап калганда, "ай өчүрчү үнүңдү, эмне ырчы болосуңбу?" десем "жок" деп койчу. Кээ бири "үйлөнтүп койсоңуз деле болмок, туяк калмак" дешет. Аны деле ойлобойсуң да, билсем үйлөндүрүп коймокмун.

Уулумду жоготкондо элдин кызы болгонумду билдим, мени колдоп, коштоп турушту, ушунчалык ыраазымын!

Гүлшайыр Садыбакасова: "Мындай оор сыноону жыланга дагы каалабайм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurzada_0111
2021-09-16 10:48:41
Энени баладан, Баланы энеден ажыратпасын. Арты кайрылуу болсун Кайрат кылыныз
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан