"Манчестер Ситинин" 6 голу. "ПСЖнын" тең чыгуусу... Чемпиондор Лигасындагы тайпалык баскычтагы оюндардын экинчи күнү кандай өттү?

Бүгүн, 16-сентябрда Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы алгачкы оюндарынын экинчи бөлүгү болуп өттү. Европадагы эң алдыңкы командалардын ортосундагы беттештер адаттагыдай эле түрдүү кызыктар жана күтүүсүз жыйынтыктар менен коштолду.

Бул күнү 11 өлкөдөн келген 16 команда 3 упайды камсыздап, тайпалык баскычта алдыга чыгуу үчүн күч сынашты.

Алардын ичинен көпчүлүк футбол күйөрмандарын күттүргөн беттеш Белгиядагы "Ян Брейдел" стадионунда жергиликтүү "Брюгге" клубу менен франциялык "ПСЖ" клубунун ортосунда өттү. Бул оюнда легендарлуу футболчу Лионель Месси "ПСЖ" менен негизги курамда талаага чыкты. Франциялык клубдун көпчүлүктү суктандырган Неймар, Мбаппе жана Мессиден турган чабуулдагы үчилтигинен улам көпчүлүк бул оюнда "ПСЖ" клубунун жеңишин күтүп жатышкан.

Күтүлгөндөй эле беттештин 15-мүнөтүндө франциялык клубдун жарым коргоочусу Андер Эррера Киллиан Мбаппеден келген топту дарбазага ийгиликтүү багыттап, оюндагы алгачкы голду киргизди.

Бирок андан көп өтпөй, тагыраагы 27-мүнөттө "Брюггенин" чабуулчусу Ханс Ванакендин Кейлор Навас турган дарбазага узаткан соккусу ийгиликтүү болуп, эсепти теңеп кетүүгө жетишти.

Оюндун андан кийинки мүнөттөрүндө эч кандай гол жаралбай, алгачкы бөлүк 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Ал эми 2-бөлүктө дагы командалардын бири-бирине уюштурган чабуулдары ийгиликтүү жыйынтыкталбай, эки тарап беттешти 1:1 бойдон аягына чыгарууга мажбур болушту.

Дагы бир кызыктуу жана голдорго бай беттеш Германиянын "РБ Лейпциг" клубу менен англиялык "Манчестер Сити" клубунун ортосунда орун алды. Беттеште 90 мүнөт ичинде 9 гол жаралды. Тагыраагы германиялык клуб өз үйүндө атаандаштардын дарбазасына 3 гол киргизсе, "Манчестер Сити" конокто ойноп жатканына карабай, "РБ Лейпцигдин" дарбазасына 6 гол киргизип, 6:3 эсебинде жеңишти камсыздады. Мындан тышкары эки тараптан тең дагы бирден голдор "офсайд" абалда киргендиктен жокко чыгарылды.

"Манчестер Ситиге" жеңиш алып келген голдордун алгачкысын 16-мүнөттө коргоочу Натан Аке киргизди. Андан соң "РБ Лейпцигдин оюнчусу Норди Мукиеле өз дарбазасына гол жаратып алды. Ошондой эле Рияд Марез 45-мүнөттө пенальтиден 3-голду киргизсе, Жек Грилиш 56-мүнөттө өтө кооз гол жаратууга жетишти. Беттештин 75-мүнөтүндө Жуан Канселу алыскы аралыктан сокку узатып 5-голду киргизсе, Габриел Жезус 85-мүнөттө жыйынтыктоочу 6-голду жаратты.

Ал эми "РБ Лейпциг" клубунан 3 голду тең чабуулчу Кристофер Нкунку киргизип (42, 51, 73-мүнөттөрдө) хет-трик жасады.

Ал эми Англиядагы "Энфилд" стадионунда "Ливерпуль" клубу италиялык "Милан" клубун кабыл алды. Бул эки мыкты команданын ортосундагы беттеш дагы голдорго бай жана оюндун агымы ылдам өзгөргөн беттеш болду.

Оюндагы алгачкы гол 9-мүнөттө жаралды. Александр Арнольддун өнөктөшүнө чыгарып берген тобу "Миландын" коргоочусу Фикайо Томоринин бутуна тийип, голго айланды. Башкача айтканда, миландыктар өз дарбазасына гол жаратып алышты.

Андан соң 42-мүнөткө келгенде италиялык клубдун чабуулчусу Анте Ребич Алисон Бекхер турган дарбазага сокку узатып, эсепти теңеп койду. Арадан 2 мүнөт өтпөй Браим Диас дагы бир гол киргизип, "Милан" алдыга озуп чыкты.

Командалар 15 мүнөттүк тыныгуудан келген соң 3 мүнөт өтпөй, тактап айтканда 48-мүнөттө "Ливерпулдун" жылдызы Мохамед Салах гол жаратып, эсеп кайрадан 2:2 болуп теңелди.

Ал эми 69-мүнөттө Жордан Хендерсон "Ливерпуль" үчүн 3-голду киргизди жана бул гол оюндагы акыркы гол болуп калды. "Ливерпуль" өз үйүндө "Миланды" 3:2 эсебинде жеңип алды.

Ал эми оюндагы эсте каларлык учурлардан бири чабуулчу Мохамед Салахтын ишке ашыра албай калган пенальтиси болуп калды.

Тайпалык баскычтагы алгачкы оюнунда атактуу "Реал Мадрид" Италия Лигасынын учурдагы чемпиондору "Интердин" үйүнө конокко барды. Беттешти эки тарап тең активдүү баштап, байма-бай чабуулдарды уюштурушканы менен эч кандай гол жаралбай, алгачкы бөлүк 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Беттештин 2-бөлүгү да алгачкысынан айырмаланган жок. Оюн ийгиликсиз чабуулдар менен 89-мүнөткө чейин уланды. Эки мыкты команданын арасындагы беттеште эч кандай гол жаралбай, оюн 0:0 боюнча аягына чыгары күтүлүп калган. Бирок негизги убакыттын бүтөрүнө 1 мүнөт калганда испаниялык клубдун 20 жаштагы чабуулчусу Родрига Силва оюндун тагдырын өзгөртүп, "Интердин" дарбазасына гол киргизип үлгүрдү. "Реал Мадрид" жалгыз гол менен 3 упайды камсыздай алды.

Ал эми түркиялык "Бешикташ" клубу өз үйүндө германиялык "Боррусияны" кабыл алды. Беттештин алгачкы бөлүгү германиялык клубдун пайдасына жыйынтыкталды. Тактап айтканда, Жуд Беллингем (20-мүнөттө) жана Эрлинг Холлан (45+3) гол киргизүүгө жетишти.

Ал эми 2-бөлүктө оюндагы эсепте эч кандай өзгөрүү болбой, негизги убакыт кайрадан 2:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Оюн калысы кошуп берген 90 мүнөттүн кошумча 4 мүнөтүндө "Бешикташтын" футболчусу Франсиско Монтерро гол киргизип, эсепти аз да болсо кыскартууга үлгүрдү. Антсе да беттеш 2:1 эсебинде германиялык "Боррусиянын" жеңиши менен аяктады.

Португалиялык "Спортинг" болсо өз үйүндө Нидерланддын "Аякс" клубуна ири эсепте утулуп калды. Тагыраагы, "Аякс" командасы конокто 5:1 эсебинде жеңиш менен кайтып келди. Нидерланддык клубга Себастьян Алленин жасаган покери (4 гол - 2, 9, 51, 63-мүнөттөрдө) жана Стивен Бергейстин киргизген голу (39-мүнөттө) жеңиш тартуулады.

Ал эми "Спортингдин" жалгыз голун 33-мүнөттө Диаш Фернандеш киргизди.

Молдова өлкөсүнүн "Шериф" командасы болсо өз үйүндө Украинанын "Шахтёр Донецк" командасына каршы оюн алып барды. Чемпиондор Лигасында дебюттук оюнун өткөрүп жаткан "Шериф" клубу украиналык команданы 2:0 эсебинде жеңип алып, көпчүлүктү таң калтырды. Оюндагы голдорду "Шерифтин" чабуулчулары Адама Траоре жана Момо Янсане киргизди.

Ал эм Ла Лиганын учурдагы чемпиондору "Атлетико Мадрид" өз үйүндө португалиялык "Порту" клубу менен тең чыкты. Оюнда эч кандай гол жаралбай, 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.

"РБ Лейпциг" - "Манчестер Сити" беттеши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан