Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулунан ажырагандан бери биринчи жолу маек берди. Ал SUPER.KG порталына чыгармачылыктагы иши, обондору тууралуу айтып берди.
"Обончу болуп деле кокусунан чыгып калдым. Себеби кээде кыздарга ыр, обон жазыш керек болуп калат. Акын дагы болуп кеткем. Чынын айтайын, кыздарга жазып жатып эле обончу болуп кеттим. Жазылган обонду кыздардын талкуусуна коём "автору ким, жакшы жазылыптыр" десе уялып, кийин айтам деп коём. Кээде эргүү келгенде жазып, жалпы 150дөй обон чыгаргам. Ошонун 50гө жакынын "Кыз-Бурактын" кыздары ырдаса, 50дөйүн эстрада ырчылары аткарып жүрүшөт. Обондорум белгилүү болсун деп ар кимге ырдаткан деле жокмун. Бирок обондорумду элге жеткиргендер бар, атын атабасам болбос. Эл артистттери Анарбек Ибраев, Саламат Садыкова, Гүлнур Сатылганова, Расул Маматкулов, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Эмгек сиңирген артист Рыскелди Осмонкулов, Мирбек Атабеков, ырчылар Арсен, Анжелика ырдап жүрүшөт. Жаштар жаңы түс менен аткарып чыкса кубанып, менин обондорумду да жаштар аткарышат экен деп калдым.
Акыркы күндөрү обон жазуудан четтеп калдым, буюртма болсо жазып коём. Эми Сайкал (ред.: Садыбакасова) жазып жүрөт. Кечээ санасак анын деле 40ка жакын обону бар экен. Сенин жолуңду улай турган бала-чакаң болот экен, акырындан Сайкалга оошуп жатат окшойт", - дейт күлүп.
Учурда Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияны жетектеп жаткан Гүлшайыр Садыбакасова бул кызматка келерин такыр ойлобогонун айтат. 21 жылдан бери башкарып келген жайдан эс алууга кетүүнү ойлонгону менен макул болбой жаткандар бар экенин кошумчалады.