Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин триатлон боюнча Азия чемпиондугунун СATA Кубогунун II этабы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпиондукка Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу бильярд жана велосипед спорту боюнча спорт мектебинин машыктыруучу-окутуучусу, спорт чебери Александр Дядичкин 40 чакырым этабында катышат.
Мелдешке Азиянын бардык аймактарынан мыкты спортчулар катышат.
Сууда сүзүү Ысык-Көлдүн акваториясында болот, веложарыш Чолпон-Ата-Бостери жолунда болуп, спортчулар Каприз борборунун аймагы аркылуу чуркашат.