Наркы 105 миң. Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

Биринчи Май РИИБнин кызматкерлери телефон уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Чечен Республикасынын 2002-жылы туулган жараны Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Фучик көчөсүндө жайгашкан медициналык борбордогу палаталардын биринен 105 миң сомдук Samsung NOT 20 Ultra үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткендиги тууралуу арыз жазган.

Бул факты Биринчи Май РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган, мурда ушундай эле кылмыштары үчүн соттолгон жаран аныкталып, ГОМ-5 бөлүмүнө жеткирилген.

Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан