"Анча дипломду туздайсыңбы дешет". Учурда аспирантурада билим алып жаткан ырчы Нэна үчүнчү дипломун колго алды

Ырчы Нэна үчүнчү жогорку окуу жайды аяктап, үч дипломдун ээси болду. Ал жогорку билимди Кыргыз улуттук консерваториясында алды.

"Окуу жайдын эстрада бөлүмүн аяктадым. Консерваторияга 2007-2008-окуу жылында тапшырып, бир жыл окугандан кийин кеткем. Арадан 10 жыл өткөндөн кийин окууну улантып, бүтүрөйүн дедим. 10 жыл аралыгында эки окуу жайда билим алып, эки диплом алгам.

Учурда Илимдер академиясында аспирантурада окуп жатам. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телеберүү жана радио жаатында 4-курста окуп жаткам. Убакыттын тардыгына байланыштуу ал жактан кеттим. Окуу өзүм үчүн, өзүмдү өнүктүрүү үчүн, мага билим алган жагат. "Анча дипломду туздайсыңбы" дешти. Эмнеге туздаш керек? Жыл өткөн сайын адам баласы жакшы нерсеге умтулушу керек, кесипкөй болом десең, ар тараптан билим алуу кажет. Бизде жакшы билим алууга мүмкүнчүлүктөр бар, башкаларга салыштырмалуу арзан. Ошондо да окубайбыз. Мүмкүнчүлүктү пайдаланып жаткан кезим. Анан дагы бардык нерсе документ менен тастыкталат эмеспи", - дейт ал.

Ырчы билим берген мугалимдерине, өмүр жана тарбия берген ата-энесине, жакындарына ыраазычылыгын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан