Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу триатлон спорту боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-19-сентябоь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында кесипкөй спортчулар жана U15 (13-15 жаштагы ) өспүрүмдөр арасында триатлон боюнча Азия чемпиондугу өтөт.
Аталган мелдешке 9 өлкөдөн (БАЭ, Япония, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Палестина, Иордания, Бахрейн жана Кыргыз өлкөсү) келген 57 кесипкөй спортчу катышат.
Белгилей кетсек, триатлон - өз ичине сууда сүзүү, чуркоо жана веложарышты камтыган спорт түрү.