Кыргыз сүрөтчүсү Татьяна Зеленская эл аралык конкурста жеңүүчү аталды

Кыргыз сүрөтчүсү Татьяна Зеленская британиялык "Index on Censorship" бирикмеси уюштурган эл аралык сынакта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Сүрөтчү айымдын айтымында, "Index on Censorship" - сөз эркиндигин колдогон британиялык уюм болуп саналат. Аталган бирикме ар жылы журналистика, активдүүлүк жана искусство номинациялары боюнча бирден жеңүүчүнү аныктайт. Ал эми бул жылы чыгармачылык жаатында Татьяна Зеленская жеңүүчү деп табылган.

"Сыйлык тапшыруу аземи Лондондо өтүшү керек болчу. Бирок карантиндик чектөөлөрдөн улам мен үйдөн интернет аркылуу катышууга мажбур болдум. Аземде сүйлөгөн сөзүмдү элге жарыялабоону чечтим. Анткени мен аябай тартынчаакмын. Болгону мени аталган номинацияга талапкер катары көрсөткөн видеону бөлүшөм", - деп жазган сүрөтчү айым.

Белгилей кетсек, Татьяна Зеленская коомдогу ар кандай оң-терс көрүнүштөрдү чагылдырган иллюстрациялык эмгектери менен таанымал. Ошондой эле "Манас" эпосундагы Көкөтөйдүн ашын чагылдырган "Улуу аш" аталышындагы анимациялык тасмасы баш болгон бир катар анимациялык чыгармалардын да автору болуп саналат.

Эл аралык конкурска Татьяна Зеленскаянын талапкерлигин көрсөткөн видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-09-16 22:37:19
Кыргызстандын жаман жагын көрсөтуп келет экен да.Аял укугун коргойм деп,фенимисттерди колдоо болуп кетип атат.Видеону көрсөңөр анан түшүнөсүңөр.
+1
Antiradikal3
2021-09-17 00:39:54
Муну жазып эмне кыласынар? Батыштын уюмдары ушуга окшогон Батыштын кулдарын сыйлайт, Батыштын идеологиясына сугарылып, Батыштын чириген баалуулуктарын мактагандарды......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан