"Кумтөр": "Мөңгүлөрдү жок кылууга макул болгон". УКМК экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кармалганын маалымдады

"Кумтөр" иши боюнча мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Жоомарт Оторбаев жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянуу менен УКМКнын терөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турган кезде өкмөттүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кумтөр" кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу менен "Кумтөр Голд Компанинин" («Центера Голд Инк.») чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген", - деп билдиришти УКМКдан.

Жоомарт Оторбаевди ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен тергөө аракеттерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
alimbek94
2021-09-16 20:20:54
Курсан Асановту ак жерден каматтырып салды. Мунун артында Ташиев жеке өзү турат жана Ташиевдин жеке демилгеси болгон. Анткени Курсан Асанов Ташиевтин негизги конуренти болмок шайлоодо түштүктө.
-10
Ela93
2021-09-16 20:30:53
alimbek94, эртен мененки даарынды ичпей калган окшойсунго!
+11
Antiradikal3
2021-09-17 00:42:35
Ela93, Таши менен Жапинин жугундусу сага дары окшойт ээ? Озундун "дарынды" башкаларга тагуулап баштадынбы бийликтин арсыз кучугу........
-2
Datka7777
2021-09-17 10:06:42
alimbek94,туура эле камады!
+2
ayzhan12
2021-09-16 20:26:53
Сталиндин репрессиясы 100 жылдан кийин кайталанып жатат.
-15
Kanybekov94
2021-09-16 20:37:37
ayzhan12,сени да репрессия кылыш керек
+9
mr.ulan89
2021-09-16 21:09:07
Kanybekov94,чачын жайып туруп ээ
+3
alym21
2021-09-16 21:11:35
ayzhan12,жеп атат,тоноп атат дейсинер,кармап камаса репрессия дейсинер, деги эмне жагат силерге
+1
ayzhan12
2021-09-16 21:39:50
alym21,
Эмне учун Ташиев озу сурак бербейт. Тосмодон секирип, Чынгыз Ханды туурап, бийликти басып алабыз - дегени жалганбы. Мындай оор кылмышы учун ал кызматка келбеши керек болчу. Кана эми айткыла ошону коркпой эле.
+6
Datka7777
2021-09-17 10:07:38
ayzhan12,уже отсидел давно, если вы забыла
+1
Antiradikal3
2021-09-17 00:45:55
alym21, кармаса кармагандары четинен бошоп жатат го? Камакта ким калды? Камакта бийликти свндагандар калды, бугунку колхоз бийликтин оппоненттери калды. Миллиарддарды уурдагандар, криминалдар четинен бошоп акталып чыгып кетишти. Кой уурдаган камакта, уурдаган коюн толук толоп берсе да. Ал эми бир миллиард уурдаган бири казынага жуз миллион кайтарса эле (уурдаган сумманын ондон бирин) сот аны актап кое берип жатат. Ушулбу сен учун адилеттуулук?!
+2
IOA
2021-09-16 21:09:28
Мин жылдык монгулорду жырткычтай талкалашты акмактар
+10
Datka7777
2021-09-17 10:08:50
IOA,туура, мурдун балта кеспей уруксат берип депутаттар ратификациядан откоруп беришкен
+3
ayzhan12
2021-09-16 21:37:35
Атамбаевтин баркын эми билишсин кечееки жамандап келген депутаттар. Убагында Атамбаев гана мыкты иштеген. Калган президенттер аман эле болушсун
-4
Antiradikal3
2021-09-17 00:47:24
ayzhan12, доорубочу. Атамбаев артист эч кыйраткан эмес. Бакиев да кыйраткан эмес. Эч бири кыйраткан эмес. Жапаров да кыйратпады. Баары тен ууру, тазасы жок........
-1
Datka7777
2021-09-17 10:09:39
ayzhan12,Атамбаевын убагында болгон мындай шермендечилик
0
Akjol18
2021-09-17 08:55:03
Элге эмне жагат,билбеймин.Камабаса камабады дейсиңер,камаса сүттөн ак эле саясий куугунтук дейсиңер.Мага койсо сурабай эле чекеден атмакмын.Баары белчесинен малынып бүткөн ,чекеден коруппционер.
+1
Akjol18
2021-09-17 08:58:29
Акаевди,Бакиевд,Атамбаевди актап туруп жанында иштегендерди баарын камаш керек.Ошолор мыйзымдаштырып,кагаздарын бүтүргөн.Бөрк ал десе баш алгандар ошолор.Эч кимиси кылы кыйшайбай кайра чоң кызматтарга орношуп иштеп,пенсияга чыкканы балдар,кыздарын аралаштырып башташты.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан