Эртең, 18-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 31...36,
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 27...32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.