Оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү кыргызстандык Алексей Долгалёв 2 жылга спорттон четтетилди

3-8-июль аралыгында Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү кыргызстандык Алексей Долгалёвдун канында колдонууга тыюу салынган дигидрохлорметил-тестостерон бар экендиги аныкталып, 2 жылга спорттон четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык оор атлетика федерациясынын расмий сайты жарыялады. Ошондой эле Бишкектеги мелдеште медаль жеңген казак спортчулары Максим Локтинов, Ерболат Жоламанов, Асем Серсекенова, Галымбек Жубатканов, Майра Файзоллаева жана Айдар Казовдун канында да дигидрохлорметил-тестостерон жана станозол деген зат бар экени аныкталып, 2 жылга спорттон четтетилди. Эми аты аталган спортчулар Олимпиадага жолдомо берүүчү 2014-жылы Астана шаарында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катыша алышпайт. Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда казак спортчулары мыкты көрсөткүчтөрү менен көпчүлүктү суктандырган болчу, ал эми кыргызстандык спортчулардан бир гана Алексей Долгалёв алтын медаль жеңген эле. Алексей Долгалёв жакында Польшанын Вроцлав шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугуна да катышып, 19-орунду ээлеген.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
koroleva1981
2013-11-05 22:48:57
Азыркы заманда чыныгы балбан кыргыздын жигиттери жок ко дейм.Созсуз допинг ичип анан баатыр болушат экен да.
0
Vazir
2013-11-06 09:03:24
Bul bala Aziyanin chempiyonu ataliptir birok bul sportchu jonundo biz echteke bilbeyt ekenbiz Uwul spotchudan Interviyu alsanar jakwi bolot ele Super Info
0
admin_superstan
2013-11-06 09:20:08
Vazir, Саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп, Алексей Долгалёв тууралуу окуй аласыз:
http://www.super.kg/article/?article=23067
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан