"ПСЖ" футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси футбол боюнча Франция чемпиондугунун алтынчы турдук оюнунун алкагындагы "Лион" клубуна каршы алмаштырууга нааразы болду.
Маалыматка ылайык, оюндун жүрүшүндө Мессинин гол киргизүүгө бир нече мүмкүнчүлүктөрү болгон. Бирок ал мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алган жок. Оюндун 76-мүнөтүндө "ПСЖ" клубунун башкы машыктыруучусу Маурисио Почеттино Мессини коргоочу Ашраф Хакими менен алмаштырды. Лионель Месси талаадан кетип жатып, машыктыруучу менен кол алышкан жок.
Бул оюн 2:1 эсебинде "ПСЖ" клубунун жеңиши менен аяктады.