5-ноябрь күнү Ташкент шаарында башталган футзал боюнча 2014-жылы Вьетнамда өтүүчү Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Кыргызстан алгачкы беттеште Тажикстан курама командасына 8:4 эсебинде жеңилди. Айта кетсек, Кыргызстан менен бир тайпада Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан курама командалары бар. Бүгүн, 6-ноябрь күнү Кыргызстан Түркмөнстан курама командасына каршы оюн өткөрөт.