Бишкекте 20-25-сентябрь күндөрү белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата КМШ өлкөлөрүнүн тасмалары катышкан "Үмүт" эл аралык кинофоруму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кинофорум эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаш режиссёрлор жана кино институттардын студенттери арасында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында өткөрүлүүдө.
Кино форумдун алкагында толук жана кыска метраждуу тасмаларды көрсөтүү (сынак ичиндеги жана сынактан тышкаркы), тегерек столдор, белгилүү режиссёрлор менен жолугушуулар, жаңы тасмалардын бет ачарлары, ошондой эле эл аралык кино фестивалдарда жеңүүчү аталган мыкты тасмалардын атайын көрсөтүүлөрү орун алат.
Кино форумга Орусия, Молдова, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Азербайжан, Бельгия жана Франциядан келген жаш режиссёрлор катышат.
Иш-чаранын ачылышы 21-сентябрь күнү саат 11:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрында болот.
Ал эми кинофорумдун жүрүшүндө көрсөтүлө турган толук метраждуу тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында орун алса, кыска метраждуу тасмалардын көрсөтүүсү Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болот.
Белгилей кетсек, аталган кинофорум ар жылы өткөрүлүп келет. Бул жылы "Шериктеш мамлекеттер арасындагы гуманитардык кызматташтык фондунун" колдоосу менен өтүүдө.