Нуржигит Субанкулов Казакстандын "Голос" теледолбооруна катышты. Ал сынакта "Stand by me" ырын ырдады.
Ал ырдап жаткан учурда калыстар тобунун эки мүчөсү кайрылышып, анда өзгөчө үн жана тембр бар экенин айтышкан. Теледолбоордун эрежесине ылайык, аткаруучу командага кошулуу үчүн калыстар тобунун бир мүчөсүн тандоо керек болгон. Ал эми Нуржигит Субанкулов Батырхан Маликовду тандаган.
Ошондой эле программа учурунда калыстар тобунун мүчөсү Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык ырдан үзүндү аткарган.
Белгилей кетсек, Нуржигит Субанкулов 34 жашта. Ал буга чейин Орусиянын "Голос" шоусунун жарым финалына чейин жетип, SMS аркылуу колдоонун жетишсиздигинен улам финалга өтпөй калган.