Ырчы Кубанычбек Баркалбасов сүйүктүүсүнүн колун сурап, баш кошуу сунушун жасады. Той октябрь айында болорун айткан ырчы кубанычы менен бөлүштү.
"Сүйлөшкөн кызымдын аты Гүлзат, жашы 22де. Биз тойдон таанышып калганбыз. Мен тамада болуп жүргөм, ал конок катары келген. 3 ай убакыт кыз-жигит болуп сүйлөштүк, узакка сүйлөшкөн болбойт деп сүйүктүүмдүн колун сурадым. Ак тоюбуз буюрса, октябрь айында болот", - деди ал.
Кубанычбек Баркалбасов "Атанын кадырын билеличи", "Айдайым, "Бай тилек", "Сабырдуу бол", "Баары ашык", "Байка" жана башка ырларды аткарып келет.