Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстанда өтүп жаткан мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө жеңилди

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстандын Астана шаарында 4-10-ноябрь аралыгында өтүп жаткан байге фонду 25 миң доллар мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө жеңилди. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. 5-ноябрь күнү орун алган беттеште Ксения орусиялык Маргарита Гаспарян менен кез келип, 5:7, 6:2, 4:0 эсебинде утулду. Айта кетсек бүгүн, 6-ноябрда мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө Ксения Палкина украиналык Вероника Капшай менен бирге жарым финалдык жолдомо үчүн орусиялык Александра Артаманова менен Евгения Пашковага оюн өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bagysh
2013-11-06 09:35:23
Эмне дейбиз колдон келишинче аракет кылып жатса керек.Алга Кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан