Balance.kg тиркемеси аркылуу кредиттерди жабуу үчүн кардарлардын комиссиясы алып салынды

Кредитти жабуу үчүн банкта кезек күткөн убак артта калды. Эми операция аткаруу үчүн активдүү мобилдик капчыгы бар смартфонго ээ болуу жетиштүү. Ыңгайлуу жана түшүнүктүү интерфейс бир нече баскыч менен төлөм аткарууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө бул кадимки эле көрүнүш болуп калгандыктан буга эч ким таң калбайт. Бирок Balance.kg командасы дагы бир аз алдыга чыгып, мобилдик капчык кредит төлөө боюнча өзүнүн жеке эрежелерин орнотту.

20-сентябрдан тарта компания Balance.kg тиркемеси аркылуу кредиттерди жабуу үчүн кардарлардын комиссиясын толугу менен алып салды. 5000 сом карыз болсоң, бир да тыйын ашырбай ошол сумманы гана төлө.

Акция коммерциялык банктарга жана микрофинансылык банктарга дагы жайылат — бардыгы 39 финансы-кредит уюму. Өз банкыңды Balance.kg капчыгынан издеп, ал акцияга катышып жатканын текшер.

Сунуш 31-октябрга чейин ишейт, бирок сизге жагып калса, аны жылдын аягына чейин узартабыз. Өз мүмкүнчүлүгүңдү учурба, кредитти Balance.kg аркылуу төлөп, ар бир транзакциянын суммасынан 1.5 пайызга чейин үнөмдө. Эгерде тиркемени жүктөй элек болсоң, шашыл, кененирээк маалымат бул жерде.

Balance.kg — Сизге жана жакындарыңызга камкордук менен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан