УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Бавария” мөөнөтүнөн мурда 1/8 финалга жолдомо алды

5-ноябрь күнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “А”, “В”, “С” жана “D” тайпасындагы клубдар 4-турдук беттешин өткөрдү. Жыйынтыгында “D” тайпасына бөлүнгөн 1/8 финалдык эки жолдомо тең ээсин тапты. Жолдомолордун ээси болуп 4 беттеште 4 жеңишке кол жеткизген германиялык “Бавария” менен 9 упай менен 2-орунду ээлеген англиялык “Манчестер Сити” табылды. Күндүн борбордук беттешинде Италия чемпиону туриндик “Ювентус” менен мадриддик “Реал” кез келип, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Болуп өткөн жалпы оюндардын жыйынтыгы төмөндө:

 

“А” тайпасы

“Шахтёр” (Украина) 0:0 “Байер” (Германия)

“Реал Сосьедад” (Испания) 0:0 “Манчестер Юнайтед” (Англия)

“В” тайпасы

“Ювентус” (Италия) 2:2 “Реал” (Испания)

 Голдор: Видаль, 42-мүнөт пенальтиден (1:0). Криштиану Роналду, 52 (1:1). Бэйл, 60 (1:2). Льоренте, 65 (2:2).

“Копенгаген” (Дания) 1:0 “Галатасарай” (Түркия)

 Гол: Бротен, 6 (1:0).

“С” тайпасы

“ПСЖ” (Франция) 1:1 Андерлехт (Бельгия)

 Голдор: де Зеув, 68 (0:1). Ибрагимович, 70 (1:1).

“Олимпиакос” (Греция) 1:0 “Бенфика” (Португалия)

 Гол: Манолас, 13 (1:0).

“D” тайпасы

“ЦСКА” 5:2 Манчестер Сити (Англия)

Голдор: Агуэро, 3-мүнөт пенальтиден (1:0). Агуэро, 20 (2:0). Негредо, 30 (3:0). Думбья, 45+1 (3:1). Негредо, 51 (4:1). Думбья, 71-мүнөт пенальтиден (4:2). Негредо, 90+2 (5:2).

“Виктория” (Чехия) 0:1 “Бавария” (Германия)

 Гол: Манджукич, 65 (0:1).

 

       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sherik200992
2013-11-06 10:17:35
Ай реал уталбай калыптырго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан