UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко буга чейин эки ирет жеңилген Аманда Нуньес менен үчүнчү беттешке даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу Шевченко америкалык басылмалардын бирине берген маегинде айткан.
"Канча убакыт өттү? Нуньес менен беттешүүгө убакыт келди, туурабы? Мен качан болбосун бул беттешке даярмын. Мен үчүн баарынан мыкты болуу эң маанилүү нерсе эмес. Башка мушкерлер рейтингде биринчи орунда болуу үчүн баарына даяр, атүгүл орун дагы сурашат. Мен мындай туура эмес деп ойлойм. Болгону өз ишин жасап, атаандаштарын жеңиш керек. Рейтингде орун өзү келет", - деген Шевченко
Нуньес менен Шевченко эки жолу беттешкен. Биринчи беттеш 2016-жылы "UFC 196" турнирдин алкагында өтүп, анда 3 раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен Нуньес жеңип алган. Эки мушкер экинчи ирет 2017-жылы "UFC 215" турниринин алкагында кез келген. Анда Нуньес калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.