Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев жаңы уюм менен келишим түздү

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев КМШ өлкөлөрүнүн арасында белгилүү болгон "OCTAGON" уюму менен 4 жылга келишим түздү. Мындай маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кыргыз мушкери жеңил салмакта 4 беттешке келишим түзгөн. Анын алгачкы беттеши качан жана атаандашы ким болору азырынча белгисиз.

Дастан Шаршеев 14-август күнү Бишкек шаарында өткөн "Open fighting champion 8" аттуу эл аралык турнирде коңшу өзбекстандык Мавлон Кахоров аттуу мушкер менен кез келип, беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2021-09-22 13:31:59
Дастан иним эми мунусунда жакшылап даярдан эми, чоң-чоң ийгиликтерди күтөбүз
0
Alixan-Nookat.2015
2021-09-22 14:47:56
Акыркы мушташын көрдүм Дастандын ошондой даярдыкта болсо 1-раундта уктатат сени.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан