Ырчы Марстын үлпөт тою борбордогу тойканалардын биринде өтүүдө (сүрөт)

"Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү, "Шаардык кыз Аида..." деп обон созгон ырчы Марстын үлпөт тою борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүүдө.

Тойдо эки жашты шоумен Манас Алыкулов жар-жар айтып залга алып кирди. Ошондой эле ырчылардан Ишен Назаров тойго катышууда.

Тойду ата-энесинин туугандары колуна алган. Ал эми ырчынын жубайы чыгармачылыктан алыс экендигин кошумчалап кетели.

Эске салсак, ырчы сүйүктүүсүнө апрель айында баш кошуу тууралуу сунуш кылган.

Марс 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ayzhan12
2021-09-21 22:06:24
Үйлөнүү тоюңуз менен кут болсун! Ар дайым бири -бириңердин кемчилигиңерди түшүнүп, өмүр бою бактыңарга кам көрүп дегендей.
Ар бир аялга сулуулук, ден соолук, ийгилик болсун. Сулуу болгула аял заты.
0
Antiradikal3
2021-09-21 22:19:31
Ити деле, бити деле ырчы болуп тажатты. Же кыйраткан уну жок, таланты, шыгы жок. Компьютер, ун жазгандардын махинациясы менен эптеп бир ыр жаратып, аны фонограмма менен ырдап журо беришет да.....

Илгери Бек байкебиз жазда бир, куздо бир кассета чыгарчу, кеминде жарымы жаны ырлар болуучу. Ошондо бир жылда эле 10-15 жаны ыр чыгарчу. Азыр ырчы-чоорчумун дегендердин репертуарында 10-15 ыры жок, 3-5 жылдан бери ырчы-чоорчу болсо да......
+5
XATSAN125
2021-09-21 22:50:22
Antiradikal3,туура жазыпсын
+4
mira28
2021-09-22 02:15:53
Antiradikal3,бирден эле ырлары бар анан аты жылдыз.Мына ушул баланын бир эле тамагын кырылдатып ырдаган шардык кыз Аидасы бар .Башка былк дей элек 2 3 жылдан бери супердин супер жылдызы болуп алган.Келинчеги мисирейетго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан