Мекендешибиз Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону (мырзалар арасында) Брендон Морено менен машыгуу өткөрүүдө. Эки мушкердин машыгып жаткандагы видеосун UFC уюму ютуб каналына жарыялады.
Анда кыргыз мушкер айымы Брендон Морено менен кадимкидей эле сокку узатышып, беттеш өткөрүп жатканын көрүүгө болот. Машыгуу учурунда экөө тең коргоочу баш кийимдерди жана бокс мээлейлерин кийишкен.
"Биз азыр Лас-Вегаста беттеш алдындагы машыгууларды өткөрүп жатабыз. Брендон Морено менен машыгуу мага абдан жардам берип жатат. Анткени ал абдан күчтүү мушкер жана өз салмагында UFC чемпиону. Биз бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып жатканыбыз абдан жакшы нерсе", - деген Валентина Шевченко өз сөзүндө.
Ал эми Брендон Морено машыгуу учурунда Валентина Шевченконун мыктылыгына дагы бир жолу ынанганын айткан.
"Валентина Шевченко өтө мыкты спортчу. Ал дагы өз дивизионунда чемпион. Мен эмне үчүн анын дүйнөдөгү эң күчтүү мушкер айым экендигин түшүндүм. Анткени Валентина дыкаттык менен машыгуу өткөрөт. Ар бир кыймылын туура жасоого аракет кылат. Беттеш аянтчасында өтө мыкты иштейт", - деген Брендон Морено.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко чемпиондук курун 6-ирет коргоого даярданып жатат. Анын бул жолку атаандашы америкалык мушкер айым Лорен Мерфи. UFC 266 турниринин алкагында өтө турган беттеш 25-сентябрь күнү Лас-Вегаста болот.
Кыргыз мушкер айымынын эсебинде учурда 21 жеңиш бар.