1-октябрда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, санарип продуктуну экспорттоого жана санариптештирүүгө арналган "Digital Week" жумалык программасынын алкагында "DIGITAL FEST 2021" масштабдуу 10-Эл аралык форуму өтөт.
Катышуучулар мазмундуу программа күтөт ((http://digitalfest.promo.kg/#rec346268080), анда алар рынок жөнүндө эң пайдалуу маалыматты эксперттик практиктерден ала алышат.
Форумда TIKTOK, FACEBOOK, Yandex, Voskhod Agency, Myata, Сбербанк Казакстан, Eskimi, Imarat Progress’тин эксперттери сүйлөшөт.
Мындан тышкары көпчүлүк катышуучулардын суранычы менен көптөн күткөн “DIGITAL FEST AWARDS” долбоорун уюштурабыз.
“DIGITAL FEST AWARDS” төмөндөгүдөй наамдар каралган:
Билдирмелер 24-сентябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
"DIGITAL FEST 2021" санарип агенттигинин I DO MARKETING жана Digital Academy билим берүү долбоору Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана "Интернет саясаты боюнча жарандык демилге" коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулат.
«DIGITAL FEST 2021» форуму 1-октябрда өтөт.
Билетти төмөнкү сайттан алсаңыздар болот: https://ticketon.kz/event/mezhdunarodnyy-forum-digital-fest-2021-kg же уюштуруучуларга кайрылыңыздар: +996 (990) 037 037.
DIGITAL FEST социалдык тармактарда: