Ырчы Өмүрбек Андарбеков ырды таштаганына 11 жыл болсо дагы ушул күнгө чейин кыргыз эли унутпай, кайсы жерде болбосун сыйлап, "качан ырдап чыгасыз?" деген суроолорун азыркы күнгө чейин берип келерин айтты. Ошондой эле ал жакынкы күндөрү жакшы жаңылыктары менен бөлүшүп, күйөрмандарын сүйүнтөрүн кошумчалады.
"Ырды таштаганыма 11 жыл болуптур, бирок ушул күнгө чейин элим мени унутпай кайсы жерде болбоюн сыйлап, ошол эле учурда "качан ырдап чыгасыз, эмнеге сахнадан алыстап кеттиңиз?" деп сурап турушат. Айрымдары "сиздин ырларыңыздын маанилүүлүгү, олуттуулугу бизге туура келет эле, сиз ырды таштабай ырдап турсаңыз жакшы болмок, себеби башка мааниси жок жеңил-желпи ырларга туруштук берген ырчылардын бири элеңиз" деп ушул күнгө чейин айтып келишет", - дейт ырчы.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.