Кыргызстандык өспүрүмдөр Орусияда өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште эки алтын медаль жеңишти

Кыргызстандык өспүрүмдөр Орусиянын Самара шаарында 5-ноябрь күнү башталган сууда сүзүү боюнча мелдеште эки алтын медаль утушту. Бул тууралуу КРнын Сууда сүзүү федерациясы билдирет. 200 метр аралыкка сүзүүдө 11 жаштагы кыргызстандык Никита Пауков 1-орунду ээлеп алтын медаль тагынса, 100 метр аралыкка болгон жарышта 12 жаштагы Денис Петрашов да алтын медаль жеңген. Мелдешке катышкан дагы бир кыргызстандык спортчу Темирлан Каратаев 50 метр аралыкка сүзүүдө 5-орун менен чектелген. Айта кетсек, мелдешке 8 жаштан 13 жашка чейинки өспүрүмдөр катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2013-11-06 16:09:35
Азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан