Моссоветтеги жаңы Globus дүкөнү кардарларын күтүүдө

24-сентябрь күнү Бишкектин эл көп жүргөн райондорунун биринде, тагыраагы Москва 100 дарегинде, бишкектиктерге жакшы тааныш "Береке" соода үйүнүн ордунда жаңы Globus дүкөнү ачылат.

Мурда Моссоветтеги "Береке" дүкөнүнөн оюнчуктан жаздыкка чейин баарын сатып алууга мүмкүн болчу. Сатуу аянты 664 м2 болгон жаңы дүкөн жакшы салттарды билүүчүлөрдүн көңүлүн калтырбайт. Бүтүндөй Globus тармагындагыдай эле бул жерде товарлардын кеңири ассортименти, тиричилик химиясы, эт жана сүт азыктары, азык-түлүк, жаңы жашылча-жемиштер сунушталат. Кардарлар Globus'тун жеке өндүрүшүнүн сүйүктүү даяр тамагын, салаттарын, кондитердик азыктарын, нан жана азык-түлүктөрдү сатып ала алышат.

Дүкөн ачылган күнү маалымат столунда лоялдуулук программасына бекер катталуу үчүн анкетаңызды толтурсаңыз болот. Сактык картасы бар кардарга чекене соода тармагынын эң пайдалуу сунуштары берилет: конкурстарга жана лотереяларга катышуу мүмкүнчүлүгү, кадимки жана майрам күндөрү товарларга арзандатууларды алуу. Ал эми ири сатып алуулар үчүн - фирмалык дүкөндөрдөгү ар кандай купондор жана арзандатуулар. Лоялдуулук программасы бонустарды топтоого жана кассада төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Туруктуу кардарлар Globus күнүмдүк акциялар жана атайын сунуштар менен гана сүйүнтпөрүн жакшы билишет. Globus'тун бардык дүкөндөрүндө баалар бирдей болгон тейлөөнүн жогорку деңгээли жана төмөн баа саясаты бул тармактын негизги артыкчылыктары бойдон калууда.

Айтмакчы, Москва көчөсүндө ачыла турган Globus Бишкек шаарында жана шаарга эң жакын аймактарда ачылган 25-юбилейлик дүкөн болуп калат. Ал эми ийгиликтүү өнүгүү - борбордун тургундары жана коноктору Кыргызстандын эң ири соода түйүнүндө жагымдуу баалар, сонун сунуштар, сапаттуу азык-түлүктөр жана тейлөөнүн жогорку деңгээли менен соода кылууну артык көрүшүнүн дагы бир далили.

Сатып алуу үчүн бизге келиңиз! Биз сизди күн сайын көрүүгө кубанычта болобуз. Жаңы дүкөн күнү-түнү иштейт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан