Белгилүү кыргыз балбаны, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова кыргыз элин эне тил майрамы менен куттуктады.
"Баарыңыздарды бүгүнкү мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! "Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы - бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси, мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет.
Андыктан келгиле, достор, кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү. Эне тилин билүү - улутуңа жана тегиңе болгон урмат-сыйдын белгиси", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Айсулуу Тыныбекова.
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл толду.