Мекендешибиз Валентина Шевченконун UFC 266 турниринин алкагындагы кезектеги беттешин утурлай буга чейинки бир катар жеңиштерин камтыган видео жыйнагы жарык көрдү. Видеону UFC Орусия ютуб каналы жарыялады.
Учурда кыргыз мушкер айымынын эсебинде 21 жеңиш бар.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 25-сентябрда чемпиондук курун 6-ирет коргоо үчүн америкалык мушкер айым Лорен Мерфи менен беттешке чыгат. UFC 266 турниринин алкагында өтө турган беттеш Лас-Вегаста болот.