Футбол: "Мец" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Килиан Мбаппени жөнөкөй болууга чакырды

Франциянын "Мец" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Фредерик Антонетти "ПСЖ" клубунун футболчусу Килиан Мбаппени жөнөкөй болууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Мага Мбаппенин оюну жагат. Бирок эгер ал аны көпчүлүк адамдар жактыруусун кааласа, ал өзүн башкача алып жүрүшү керек. Жөнөкөй болуу ага жарашат", - деген Антонетти.

22-сентябрда футбол боюнча Франция чемпиондугунун алкагында "Мец" клубу "ПСЖ" менен кез келип, оюн 2:1 эсебинде "ПСЖ" клубунун жеңиши менен аяктаган.

Жеңиш алып келген голду 95-мүнөттө коргоочу Ашраф Хакими киргизген. Гол киргенде Мбаппе "Мец" клубунун дарбазачысына чуркап келип кыйкырып, футболчулар ортосунда пикир келишпестик жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-09-24 08:37:39
Кана видеосу мбаппенин тиги мецтин оюнчусу менен чокушканы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан