UFC: Валентина Шевченконун көз караш дуэли болуп өттү (видео)

АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко менен анын атаандашы Лорен Мерфинин көз караш дуэли болуп өттү.

"UFC 266" турниринин алкагында өтө турган бул эки мушкер айымдын беттеши 26-сентябрда Лас-Вегаста өтөт.

Валентина Шевченко бул беттешине ийгиликтүү даярдануу үчүн UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Брендон Морено менен машыгууларды өткөргөн.

Бул турнирдин негизги беттешинде орто жеңил салмактагы чемпион Александр Волкановский чемпиондук наамын Брайан Ортегага каршы коргойт.

Валентина Шевченконун көз караш дуэли
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан