Кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов 4-октябрда "ACA 130" турниринин алкагында бразилиялык мушкер Элиас Сильверио менен беттешет. Бул тууралуу аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Кыргыз мушкери беттештеринин дээрлик бардыгын 100 пайыз мөөнөтүнөн мурда жеңип келет. Ошондой эле "АСА 124" турниринде бонус алууга да жетишти. Чеченстанда өтүүчү юбилейлик мелдеште ал бразилиялык Элиас Сильверио менен беттешет", - деп жазылат АСА уюмунун маалыматында.
Алтынбек Мамашовдун бул карьерасындагы 17-беттеши болот. Ал 16 беттештин 14үндө жеңүүчү аталып, 2 ирет жеңилген.
Ал эми анын атаандашы Элиас Сильверио карьерасында 21 беттеш өткөрсө, анын 16сында жеңүүчү аталып, 4 ирет жеңип, 1 ирет тең чыккан.