Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылында эки мектеп окуучусун тажик тарап кечээ кармап кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айылдын тургундары билдиришти.
"11-класстын эки окуучусун тажик тарап алып кирип кеткен. Алар алдын ала маалыматтар боюнча, чек арага жакын жерде жүк жүктөп же түшүрүп жатканда алып кирип кетишкен экен", - деди тургун.
Ал эми бул окуя боюнча бир дагы расмий органдар маалымат бере элек.