Футзал боюнча калыс Нурдин Букуев Литвада өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун оюндарында калыстык кылууда. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти
Кечээ, 23-сентябрда Букуев 1/8 финалда Аргентина - Парагвай беттешинде башкы калыстын милдетин аткарган. Бул анын чемпиондуктагы бешинчи беттеши жана экинчи жолу башкы калыстыкты аркалады. Букуев үчүн бул чемпиондук карьерасындагы төртүнчүсү жана ал бул көрсөткүч боюнча рекорд жаратты.
Нурдин Букуев Дүйнө чемпиондугунда төртүнчү жолу калыстык кылган ФИФАнын биринчи калысы.