UFC 266 турниринин башкы таймашында аялдардын эң жеңил салмактагы дивизионунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко рейтингдин үчүнчү катарындагы Лорен Мёрфи менен беттешип, өз титулун коргомокчу.
Беттеш 26-сентябрда саат 08:00дө башталат. Беттеш O!TV тиркемесиндеги «UFC ТВ» каналында түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.
sports.ru сайтына берген маегинде Валентина Шевченко: «Мен келем да, курумду алып, үйүмө кетем. Менин ишке ашыра турган нерселерим ушулар. Мындай деңгээлде алсыз атаандаш жок экендигин түшүнөм – ар кимдин жоопкерчилиги бар. Мен Мерфини токтотуп калуу жана аткарышым керек болгон нерсени жасоо үчүн тынбай машыгып жатам. Лорен күчтүү болорун билем, бирок мен аны жок кылам», — деди.
Валентина 3 жолу жеңилип, 21 жолу жеңишке жеткен, Мерфи 4 жолу жеңилип, 15 жолу жеңген.
Өткөрүп жибербеңиз!
*750*3# буйрутмасы менен күнүнө болгону 7 сомго «O!TV Премиум» топтомун кошуп алыңыз да, O!TV тиркемесин каалаган түзүлүштөн – смартфондон, планшеттен, ноутбуктан же Smart TV функциясы бар Sony, Phillips, Samsung телевизорлорунан көрүңүз. Кененирээк маалымат otv.kg сайтында.
O!TV тиркемесин иштет – биздикилерге күйөрман бол!