Бек Борбиев Казакстандын маданият кызматкери төш белгиси менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев бүгүн, 24-сентябрда туулган күнүн утурлай концерт өткөрүүдө.

Концертти "50 жаш" ыры менен баштаган обончу, аткаруучу "50гө чыккан жакшы экен, конокко эле чакыра беришет экен" деди. 30 жылдан бери концерт коюп келе жатканын айткан ырчы: "Мен бир адамды уга берсем тажап кетмекмин, бирок мени 30 жылдан бери алмаштырбай угуп келе жатканыңыздарга рахмат", - дейт тамаша-чыны аралаш.

Андан кийин Эл артисти чыгармачылыкка жаңыдан аралашып жүргөн ырчы Алтынай Асанбекова менен жаңы дуэтин аткарышып, элдин дүркүрөгөн кол чабууларына арзышты.

Бек Борбиев кыргыз, казактын ортосундагы көпүрө деген казак композитору Алтынбек Коразбаев ырчыга сыйлык тапшырды. Тагыраагы, Бек мырза Казакстандын маданиятынын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды. Алтынбек Коразбаев аман болсо Казак Эл артисти наамын алып берерин айтып, эки чыгармасын аткарып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан