3-ноябрь күнү Бишкекте каратэ-до WKF боюнча республикалык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Ош, Жалад-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан, Ош жана Бишкек шаарларынан 14-15, 16-17 жаштагы 90 спортчу катышты. Жалпысынан мелдеште 17 комплект медаль ойнолуп, жыйынтыгында Бишкек шаарынын спортчулары 8, Кара-Балта шаарынын спортчулары 3, Ысык-Көл облусунун спортчулары 2, Ош шаары менен Жалал-Абад жана Ош облусунун спортчулары 1ден алтын медаль тагынды.