UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Валентина Шевченконун алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калганына реакция кылды.
"Валентина, сен өзгөчөсүң. Сөз жок", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына 33 жаштагы мушкер Конор Макгрегор.
Кечээ, 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.