Beeline компаниясы уюштуруп жаткан "Буйрукту терип, утушка ээ бол" утушундагы ойнотулуп жаткан үч жапжаңы Toyota Camry 75 унаасынын алгачкы жеңүүчүсүн сыйлоо аземи Бишкек шаарында болуп өттү.
Компаниянын кызматкерлери утуш ээсин жана келген конокторду жылуу тосуп алып, унааны тапшыруу аземи башталды. Утуштун алгачкы жеңүүчүсү унаасын алуу үчүн тапшыруу аземине эжеси менен келди. Унаанын жеңүүчүсүнө ачкычты Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов тапшырды. Ал байге ээсине утушка катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы унаасы менен куттуктап, эң негизгиси жол эрежесин бузбай айдоосун суранды.
"Менимче бул биздин колдонуучулар үчүн өтө жагымдуу белек. Биз кардарларыбызга ар дайым кам көрүүгө аракет кылабыз. Биз Toyota Camry унаасын бардык кардарларыбызга бере албасак дагы, баарына унаа утуп алууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бул утушка катышуу жөнөкөй эле, эң негизгиси Beeline компаниясынын колдонуучусу болушуңуз керек. Калганы Beeline компаниясынын катардагы кардарлары жасагандарын эле аткарасыз.
Бул биздин викторинанын биринчи этабынын жыйынтыкталышы. Бизде ушул жылдын аягына чейин жок дегенде эки этап бар. Башкача айтканда, жылдын аягына чейин биздин кардарлар дагы эки унаа жана көптөгөн уюлдук телефон утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кардарлардын бизге келип, байгесин алып, кошумча эч нерсе кылбаганы компания үчүн абдан маанилүү. Жөн гана катышып, утуп алыңыз", - деди өз сөзүндө Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов.
Ал эми Beeline компаниясы уюштурган "Буйрукту терип, утушка ээ бол" утушунан Toyota Camry 75 унаасын утуп алып, кубанычы койнуна батпай турган байге ээсин кепке тарттык. Унаамды атама берем деген 19 жаштагы Дастан Турсунбаев унааны утуп алганын алгач укканда инфаркт болуп кала жаздаганын айтты.
"Өзүм 19 жаштамын, 2002-жылы Караколдо төрөлгөм. Beeline компаниясы уюштурган бул утушту жарнамадан көрүп калгам. Анан досторум катышып көрбөйсүңбү деп айтып калды. Мен бул калп эле болсо керек деп ишенген эмесмин, катышып көрөйүнчү деп биринчи катышканда эле уюлдук телефон утуп алдым. Анан менде унаа утам деген ишенич пайда болду. Атам буга чейин бул жөн эле калп деп урушчу. Телефон уткандан кийин ал дагы ишенип, өзү кошулуп катыша баштады.
Азыр өзүм Beeline'дан унаа утканыма ишене албай турам, ичимде бир нерсе эле болуп жатам. Унаа утуп алдыңыз деп чалышканда инфаркт болуп кала жаздадым. Туугандарым алгач ишенишкен жок. Утуп алган унаамды атама берем, менде айдоочулук күбөлүк жок. Айдоочулук күбөлүк алгандан кийин өзүм айдайм. Ал эми Beeline компаниясы уюштуруп жаткан бул утуштун калган катышуучуларына ийгилик каалайт элем. Өзүңөргө ишенип, шарттарды толук аткарсаңар гана жеңишке жетет экенсиңер", - деди Toyota Camry 75 унаасынын жеңүүчүсү Дастан Турсунбаев.
Beeline компаниясы уюштуруп жаткан "Буйрукту терип, утушка ээ бол" утушуна катышуу үчүн шилтемени басыңыз.
Beeline'дан Toyota Camry 75 унаасын утуп алуу үчүн алдыда дагы эки этап бар. 2021-жылдын 12-сентябрынан 21-октябрына чейин экинчи этап: баш байге - Toyota Camry 75 унаасы;
2021-жылдын 22-октябрынан 30-ноябрына чейин акыркы үчүнчү этап: баш байге - Toyota Camry 75 унаасы.
Толук маалымат алуу үчүн: +996 (0775) 58-06-11.