Ырчы Анжелика Кайратова 130 миң долларга алган жаңы BMW Х7 унаасы менен тааныштырды. 11-унаасын алган ырчы SUPER.KG порталынын "Рулдагы жылдыз" долбоорунун коногу болду.
"Бул унааны Кудай мага буюруптур деп так айта алам. Анткени BMW үлгүсүндөгү унаалардын сүйүүчүсү эмес болчумун. Унаанын мүнөзү мага туура келбейт, эркектер айдаса керек дечүмүн. Бирок минтип BMWны айдагандардын клубуна кошулуп калдым.
Бул жолу унаа алууда ичинде жатканга шарты барын карадым. Мага узак жол жүргөнгө болбойт. Жакында эле түштүк жергесине Хонда Степвагондун салонунда жууркан, төшөк салып алып, жатып барып келдим. Ошондон кийин кайсы унаанын ичинде жатып жол жүрсө болот деп ойлогом. Бир эле ушул BMW Х7 унаасы бар экен", - дейт ал.
Ырчынын айтымында, унаа ушул жылдын июнь-июль айларында заводдон чыккан. Кыргыз өлкөсүнө август айында келген.
"Негизи буга чейинки Лексус унаамды алмаштырып коёюн деген болчумун. Узун жолго жол тандабас керек экен. Лексус 460 унаасына буюртма бергем, бирок заводдо кандайдыр бир маселелер болуп, ал унаа келбей калды. Ошентип жатканда BMW Х7 унаасы келди дешти. 2 күн бою унааны шаар ичинде айдап, укмуш экен деп койгом. Ошондо катуу каалап койгон окшойм. Бул унаа атайын буюртма менен чыгарылыптыр. Кнопка менен от алат, музыканын үнүн чоңойтуп, басаңдатуу, өчүрүү, радиону которуу аралыктан башкарылат. Ошондой эле ыңгайлуулук үчүн бардык шарттары каралган".
Анжелика айым унаасынын артыкчылыгы деп багажын белгилейт. Багаж дагы аралыктан башкарылат жана ичи кенен.
"Мен үчүн бул жөн эле унаа, мага ыңгайлуу болгону үчүн алдым. Айымдарга караганда мырзалар көп куттуктоо айтышты. BMW Х7 мырзалардын кыялы экен. Унааны 3 жылга бөлүп төлөө менен алдым. Айына 1200 доллардын тегерегинде төлөп турам. Буга чейинки 2 унаамды деле насыяга алгам", - деп белгиледи ырчы.